Белгилүү казак жазуучусу Бердибек Сокпакбаевдин Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан азербайжан тилинде жарык көргөн "Менин атым Кожа" аттуу китебинин бет ачар аземи болду...

Xəbərlər

Белгилүү казак жазуучусу Бердибек Сокпакбаевдин Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан азербайжан тилинде жарык көргөн "Менин атым Кожа" аттуу китебинин бет ачар аземи болду

07 oktyabr 2024 17:08

Түрк маданияты жана мурасы фонду X Баку эл аралык китеп көргөзмөсүндө белгилүү казак жазуучусу Бердибек Сокпакбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата азербайжан тилиндеги “Менин атым Кожа” китебинин бет ачар аземин өткөрдү.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова Бердибек Сокпакбаев көптөгөн кызыктуу чыгармаларды жазганын, алардын бири казак балдар адабиятынын шедеври, "Менин атым Кожа"повести экенин белгиледи. Повесть дүйнөнүн 68 тилине которулганын билдирген фонддун президенти өзү жетектеген түзүм Түрк дүйнөсүнүн бай мурасын жайылтуу жана аны келечек муундарга өткөрүп берүү максатында бул китепти алгач окурмандарга азербайжан тилине которуу жолу менен сунуштаганын кошумчалады.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Казакстан Президентинин кеңешчиси Малик Отарбаев өз кезегинде Бердибек Сокпакбаев көптөгөн керемет романдарды жазганын, анын "Менин атым Кожа" повести жаш муундарды улуттук баалуулуктарын коргоого үйрөтөрүн айтты. Анын айтымында, бул чыгарманы орус тилине биринчи жолу жазуучунун кызы Самал Сокпакбаева которгон, ал да повесттин көптөгөн өлкөлөрдө жайылышына чоң салым кошкон. Китептин маанилүүлүгүн баса белгилеген Малик Отарбаев Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан жасалып жаткан иштерди жогору баалады.
Алматы облусунун маданият, архив жана документтер башкармалыгынын жетекчиси Данияр Алиев менен жазуучунун кызы Самал Сокпакбаева китеп тууралуу ой бөлүштү. Алар мындай иш-чаралар эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды өнүктүрүүгө салым кошоорун баса белгилешти.
Долбоордун жетекчиси жана китептин баш сөзүнүн автору – Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова, котормочулары – Ханым Айдын, Рабига Назимгызы, Хатира Нургүл, редактору-Фарид Гусейн.
Китепке белгилүү казак жазуучусу Бердибек Сокпакбаевдин быйыл 100 жылдык мааракеси белгиленип жаткан "Менин атым Кожа" аттуу повести киргизилген. Бул чыгарма дүйнөлүк балдар адабиятынын сүйүктүү үлгүлөрүнүн бири. Анда балдардын уникалдуу дүйнө таанымына, айлана-чөйрөнүн аларга тийгизген таасирине, ошондой эле адамды оңдоонун эң маанилүү ачкычы абийир деген ойго көңүл бурулат.

Copyright © 2015 - 2026 itchf Azərbaycan. Bütün hüquqlar qorunur