Түрк маданияты жана мурасы фонду Стамбулда Түрк дүйнөсү фонду жана Борбор Азиянын эл аралык институту менен өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол койду...
Xəbərlər
Түрк маданияты жана мурасы фонду Стамбулда Түрк дүйнөсү фонду жана Борбор Азиянын эл аралык институту менен өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол койду
Стамбулда Түрк маданияты жана мурасы фонду менен Түрк дүйнөсүнүн фондунун ортосунда өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюлду.
Өз ара түшүнүшүү меморандумуна Түрк маданияты жана мурасы фондунун атынан уюмдун президенти Актоты Раимкулова, Түрк дүйнөсү фондунун атынан уюмдун төрагасы, камкорчулар кеңешинин мүчөсү Наби Авжы кол коюшту.
Документ эки Фонддун биргелешкен ишинин багыттарын аныктап, түрк элдеринин маданий мурастарын изилдөө жана жайылтуу боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштуруу, түрк мурастары борборун түзүү жана анын ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүү сыяктуу пункттарды камтыйт.
Өз ара түшүнүшүү меморандумунда түрк дүйнөсүнүн байыркы жана бай маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу жаатында эки уюмдун кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү каралган.
Ошондой эле Түрк маданияты жана мурасы фонду менен баш кеңсеси Өзбекстандын Самарканд шаарында жайгашкан Борбор Азия эл аралык институтунун ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.
Эки уюмдун жетекчилери Актота Раимкулова менен Эврен Рутбил кол койгон документте дүйнө жүзү боюнча жайгашкан түрк эстеликтерин санарип документтештирүү, ошондой эле жалпы тилди, тарыхты жана каада-салтты изилдөө боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруу чагылдырылган.